АКЫРКЫ КОҢГУРОО!
Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн 2020-ж.13-майындагы №21/1 буйругуна ылайык “Ысык-Ата-районунун бардык типтеги жана менчик түрүндөгү жалпы билим берүү уюмдарында 2019-2020-окуу жылын уюшкандыкта аяктоо максатында Новопокровка №1 орто мектебинде он-лайн форматында “Акыркы конгуроо” салтанаттуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөрдү мектеп директору Мамбеталиева Ч.М. куттуктап, аларга ак жол каалады.
Мектептин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Тажиева М.К. Жалпы Мамлекеттик Аттестацияга бүтүрүүчүлөрдү киргизүү боюнча мектеп директорунун буйругу менен тааныштырды.
Бүтүрүүчүлөр 10-класстын окуучуларына мектептин “Билим ачкычын” тапшырышып, насааттарын айтып, мугалимдерге жана ата-энелерине ыраазылыктарын билдиришти.
Ошондой эле биринчи жана жогорку класстардын окуучулары, ата-энелер бүтүрүүчүлөргө куттуктоо сөздөрүн айтышты.
“Акыркы коңгуроо” кагуу укугу мектептин алдынкы бүтүрүүчүсү Турдубеков Кутманга жана мектептин Президенти Турдубеков Замирге ыйгарылды.
Мындан тышкары Ново-Покровка айыл өкмөтү тарабынан 11”А” класстын окуучусу Турдубеков Кутманга – маданий иш-чараларга активдүү катышканы, 11”Б” классстын окуучусу Жанышбек уулу Максытбекке – география сабагынан райондук олимпиадада 3-орун камсыздаганы жана 7 “В” класстын окуучусу Изабеков Адилетке – спорттогу жараткан ийгиликтери үчүн акчалай сыйлыктары тапшырылды.
Комментарии