Окуу-тарбиялык иштер

Новопокровка №1 орто мектебинин ишмердүүлүгү окуучулардын жаш өзгөчөлүгүн, жөндөмдөрүн эске алуу менен бирге алардын өнүгүүсүнө ылайык шарттарды түзүү жана мектептин билим берүү мейкиндигинде мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга, кошумча билим алуу системасын өнүктүрүүгө жана социалдык өнөктөштөрдү тартуу

Новопокровка № 1 орто мектеби Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында отурукташкан.
Мектеп 1961-жылы типтик проект боюнча курулуп, жалпы аянты 2607,08 кв.м түзөт. КР өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча мектептин уюштуруучулары болуп а) Ысыката райондук Билим берүү башкармалыгы, б) Новопокровка айыл өкмөтү эсептелет.
Мугалимдер жана окуучулар контингенти мектеп ачылгандан бери өзүнүн тарыхын жоготпой салттарын сактап келет.
Мектеп имараты 520 окуучуга ылайыкталган. Новопокровка № 1 орто мектеби Ленин көчөсү № 262 дарегинде жайгашкан. Телефону 4-07-74. Мектепте окутуу 2-кезметте , орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт.
Жалпы билим берүү мекеменин уставы КР ЮМ ГПР № 0081387 катталган.
Мектептин жылытуу системасы көмүр менен жылытылат.
Сабактардын узактыгы — 45 мүнөт.
Сабактар 1-11-класстар жумасына 5-күн окутулат.

Новопокровка №1 орто мектеби өзүнүн өнүгүүсүндө патриоттуулукка; жаратылыш, тирүү жандыктар жана айлана чөйрөдөгү адамдар менен таттуу мамиле болууга; билим алууга, гумандуулукка; ар түрдүү маданияттын өкүлдөрү менен достук карым-катнашын түзүүгө; үй-бүлө жана өз улутубуздун баалуулуктарын коргоо жана ата-бабалардан калган мурас, салттарды улоого жана өз мамлекетибиздин баалуулуктарын сактоого багыттап иш алып барат.
Новопокровка № 1 орто мектебинде мугалимдер, ата-энелер, коноктор жана окуучулардын ортосундагы урмат-сыйга, педагогикалык процесстин бардык катышуучуларына психологиялык ыңгай түзүүгө, балдар жамааты менен мугалимдер жамаатына байланышты уюштурууга, окуучулар менен мугалимдердин чыгармачылыкты эркин тандоолоруна, педагогикалык жамаатка бүтүрүүчүлөрдү тартууга багыттап өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзөт.
Мектептин эффективдүү башкаруу жана билим сапатын камсыздоо ченемдик-укуктук камсыздоонун негизинде жүргүзүлөт:
Мектептин ишмердүүлүгү КР билим берүү жөнүндө Мыйзамы, республикалык жана муниципалдык деңгээлдеги нормативдик актылар, Баланын укуктары жөнүндө Конвенция, Мектептин Уставы, кызматтык милдеттер, буйруктар жана локалдык ченемдик актылар аркылуу иш жүргүзүлөт.
Башталгыч мектепте БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы, Россия Федрациясынын БУУДАТПсы аркылуу жана КР Өкмөтүнүн “Мектеп тамактандыруунун оптималдаштыруу” долбоорунун негизиде ысык тамак менен камсыз кылуу уюштурулду.