“15-февраль — Советтик аскерлер Ооган жергесинен толугу менен чыгып кеткен күнүнүн 32-жылдыгы”
Новопокровка №1 орто мектебинде 13-февраль күнү ооган соогушунун ардагерлерине жана курман болгон жоокерлерине арналган “Ооганстан – биздин жүрөктөрдө жана эсибизде” деген аталыштагы иш чара өткөрүлдү.
Салтанаттуу иш-чарага Новопокровка №1 орто мектебинин окуучулары, ата-энелер, мугалимдер жана ардактуу коноктор – ооган согушунун ардагерлери күбө болушту. Иш-чаранын өтүшүндө мектеп директору Мамбеталиева Чынара Мадыловна ооган апаатынын мааниси жөнүндө маалымат берип, 9 жыл бою созулган бул коркунучтуу согушта жоокерлердин көрсөткөн кайраттуулугу, эрдиги жана марттыгы үчүн окуучулардын жана мугалимдердин атынан ыраазычылык билдирип, ооган согушунун ардагерлерин куттуктап, белектерди тапшырды.
Новопокровка айыл аймагында 17 ооган ардагерлери жашайт. Тилекке каршы, жүйөлүү себептер менен чакырылган ардагерлердин арасынан, өткөрүлгөн иш-чарага 3 гана ардагер катышышты, алар: чек ара аскерлеринин ардагери, отставкадагы полковник Стамбаев Нурлан Советович; ооган согушунун ардагери, катардагы жоокер, 2 класстагы стрелок Мамытов Марат Айдарбекович жана ооган ардагери, оставкадагы сержант, ооган согушунда механик-айдоочу болуп кызмат кылган Хадыкин Михаил Ивановичтер. Жогорууда аталган ардагерлер окуучуларга кандуу ооган согушу, советтик аскерлердин курмандыктары жөнүндө кыскача айтып берип, окуучуларды патриоттулукка, гумандуу болууга чакырышты. Окуучулар да баарлашууга активдүү катышышып ардагерлерге суроолорун узатышты.
Жолугушуудан кийин, окуучулардын жана мектеп администрациясынын күчү менен даярдалган, арадагерлерге арналган чаккан концерттик программа тартууланды. Концерттин жүрүшүндө, “Спутник” сайтынын белгилүү колумнисти Алмаз Батиловдун маалыматы (https://sputnik.kg/columnists/20180215/1037755180/afgan-sogushu-tuuraluu-kolumnistika.html) берилди, анда Кыргызстандан 7000ден ашуун жоокер барып, 254ү курман болуп, 1,5 миңдей жоокер ар түрдүү жаракат алганы, 600гө жакыны майып болуп кайтканы жана эки кыргызстандык аскерге «Советтер Союзунун баатыры» наамы берилгени жөнүндө айтылды.
Ошондой эле бул концертке ардактуу коноктор Чек ара кызматынын ыр-бий ансамблинин солисттери Бегалиев Мирлан жана Сегизбаев Бактыбек ооган ардагерлерин куттуктап, ыр майрам тартуулашты.
Иш-чаранын аягында ооган ардагерлерине ысык тамак уюштурулуп берилди.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында, бардык кластарда, ооган согушу жөнүндө кененирээк маалымат берилип, эрдик сабактары, класстык сааттар өткөрүлдү.
Комментарии