Биз жөнүндө

Биз жөнүндөБиз жөнүндө Биз жөнүндө

Ново-Покровка айылынын № 1 жалпы билим берүү орто мектеби түптөлгөндөн баштап негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн программаларын жүзөгө ашырды;

Мектепте окутуу мамлекеттик жана расмий тилдеринде жүргүзүлөт;

Ново-Покровка айылынын № 1 жалпы билим берүү орто мектебинин миссиясы – окуучулардын  жаш өзгөчөлүгүн, жөндөмдөрүн эске алуу менен бирге алардын өнүгүүсүнө ылайык шарттарды түзүү жана мектептин билим берүү мейкиндигинде мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга, кошумча билим алуу системасын өнүктүрүүгө жана социалдык өнөктөштөрдү тартууга багытталды;

Ново-Покровка айылынын № 1 жалпы билим берүү орто мектеби өзүнүн өнүгүүсүндө патриоттуулукка; жаратылыш, тирүү жандыктар жана айлана чөйрөдөгү адамдар менен таттуу мамиледе болууга;  билим алууга, гумандуулукка; ар түрдүү маданияттын өкүлдөрү менен достук  карым-катнашын түзүүгө; үй-бүлө жана өз улутубуздун баалуулуктарын коргоо жана ата-бабалардан калган мурас, салттарды улоого жана өз мамлекетибиздин баалуулуктарын сактоого багыттап иш алып барды.

Новопокровка №1 орто мектебинин жетекчиси –

директор  Мамбеталиева Чынара Мадыловна

 

Ново-Покровка айылынын № 1 жалпы билим берүү орто мектебинин буга чейинки аккредитациясы жөнүндө маалымат:

Дареги:

Чүй облусу Ысык-Ата району Ново-Покровка айылы Ленин көчөсү №262.

Телефон номери: 0-31-32 4-07-74.

Факсы:                 0-31-32 4-07-74.

Мектептин электрондук почтасы: [email protected]

Мектептин расмий сайты: https://novopokrovka1.mektebim.kg

 

Новопокровка  № 1 орто мектеби Чүй  облусунун Ысык-Ата  районунун  Новопокровка айылында отурукташкан.

Мектеп   1961-жылы типтик проект боюнча  курулуп, жалпы аянты 2607,08 кв.м түзөт. КР өкмөтүнүн  тапшырмасы боюнча  мектептин уюштуруучулары  болуп а) Ысыката райондук  Билим берүү башкармалыгы, б) Новопокровка айыл өкмөтү эсептелет.

Мугалимдер жана  окуучулар  контингенти мектеп ачылгандан бери өзүнүн  тарыхын жоготпой  салттарын сактап келет.

Мектеп имараты 520 окуучуга ылайыкталган. Новопокровка  № 1 орто мектеби Ленин көчөсү № 262 дарегинде жайгашкан. Телефону 4-07-74. Мектепте  окутуу 2-кезметте , орус жана  кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт.

Жалпы билим берүү  мекеменин  уставы  КР ЮМ ГПЮ № 0046582 2021-жылдын 20-мартында  катталган.

Мектептин жылытуу системасы  көмүр менен  жылытылат.

Сабактардын узактыгы — 45 мүнөт.

Сабактар 1-11-класстар жумасына 5-күн окутулат.

Мектептин эффективдүү башкаруу жана билим сапатын камсыздоо ченемдик-укуктук камсыздоонун негизинде жүргүзүлөт:

Мектептин ишмердүүлүгү  КР билим берүү жөнүндө Мыйзамы, республикалык жана муниципалдык деңгээлдеги нормативдик актылар, Баланын укуктары жөнүндө Конвенция, Мектептин Уставы, кызматтык милдеттер, буйруктар жана локалдык ченемдик актылар аркылуу иш жүргүзүлөт.

Башталгыч мектепте БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы, Россия Федрациясынын БУУДАТПсы аркылуу жана КР Өкмөтүнүн “Мектеп тамактандыруунун оптималдаштыруу” долбоорунун негизиде ысык тамак менен камсыз кылуу уюштурулду.